Бишкек шаарында бүгүн, 11-апрелден тарта жаңы № 61, № 45 жана № 35 автобус каттамдары жүрө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.
Алсак, № 61 автобус каттамы «Киркомстром — Көк-Жар» багыты боюнча жүрөт. Бул каттам шаардагы негизги райондорду аралап өтүп, билим берүү жайларына ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылат.
Ал эми № 45 автобус каттамы айланма схема боюнча уюштурулган: «10-кичирайон — Алыкулов көчөсү — 7-Апрель көчөсү». Бул каттам № 35 автобус каттамына карама-каршы багытта жүрөт.
Аталган каттамдарды 12 метрлик заманбап ISUZU үлгүсүндөгү, газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.