Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-апрелдеги жыйында Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлигин карады. Ошентип, Жогорку Кеңеш Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиевдин талапкерлигин жактырды.
Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына дагы эки мүчө: Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрлан Сүйөркулов жана Жогорку соттун судьясы Дилара Арстамбаева бекитилди.
Депутаттар Алмаз Турдумалиевди Эсеп палатасынын аудитору кылып бекитишти.