Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев мэрия беш айдан бери ирригациялык системаны калыбына келтирүү, биринчи кезекте арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
«Аламүдүн дарыясын тазалап, 46 миң тонна таштанды чыгардык. Учурда Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери жүрүп жатат. Ал жактан 28 миң тонна таштанды чыгарылды, болжолдуу түрдө дагы 25 миң тонна болот», — деди вице-мэр.
Ал маалымдагандай, шаарда 410 чакырым сугат арыктары жана 90 чакырым магистралдык сугат арыктары бар. Анын ичинен Рамиз Алиевдин айтымында, 200 чакырым сугат арыктары бузулуп же суу албагандыктан пайдаланылбай жатат.
«Быйыл жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, 5 чакырым арыктарды тазалоо жана 18 чакырым ирригациялык системаларды орнотуу иштери жүргүзүлдү», — дейт чиновник.