Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча лидер бойдон калууда

09:15, 10 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан 2025-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайызга өсүп, 101,5 пайызды түздү.

Дээрлик бардык мүчө мамлекеттерде өсүш байкалды: Кыргызстанда 14,7 пайызга, Казакстанда 5,9 пайызга, Беларуста 2 пайызга, Орусияда 1,2 пайызга.

Арменияда 19,4 пайызга төмөндөө катталган.