УЕФА Чемпиондор Лигасы: «Арсенал» «Реалды» жеңсе, «Интер» «Баварияны» утуп алды

14:13, 09 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы беттештери орун алды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Англиялык «Арсенал» испаниялык «Реалды» кабыл алды. Оюн 3:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

58-мүнөттө Арсеналдын жарым коргоочусу Деклан Райс командасын алдыга чыгарды. Ал 70-мүнөттө дубль жаратты. 75-мүнөттө Микел Мерино эсепти ого бетер чечүүчү кылды.

Дагы бир оюнда Германиянын «Бавария» командасы Италиянын «Интер» командасын кабыл алды. Оюн меймандардын пайдасына аяктады — 1:2.

Эсепти 38-мүнөттө италиялык команданын чабуулчусу Лаутаро Мартинес ачты. Томас Мюллер жооп голду 85-мүнөттө киргизди. 88-мүнөттө Давиде Фраттеси жыйынтыктоочу эсепти койду.