13:42, 09 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Атайын кызматтын кызматкерлери Т.К.И. — Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Мындан тышкары, анын мүчөлөрү кылмыштуу коомду уюштуруп, кылмыштуу идеологияны карманууну улантып, коомдук коркунучтуу аракеттерди жасашкан.
Алсак, Т.К.И. 2025-жылдын январында топтук тинтүүнү уюштуруу менен КР жарандарынан 1 млн. 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң АКШ долларын жана 60 миң АКШ долларын түзгөн өндүрүш жабдууларын ээлеп алган.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги «Халва» кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга тиешеси бар, мурда УКМК тарабынан кармалган адамдар да, Т.К.И.нин кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон.
КР УКМК Т.К.И.нын кылмыштуу коомунун мүчөлөрүнө карата алардын кылмыш ишинин башка фактыларын аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.