Тышкы иштер министри БУУнун баш катчысы менен жолугушту: Эмнелер талкууланды?

15:52, 08 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркко болгон жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Фото Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу министрдин Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин колдоорун билдирди.