Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү

18:28, 07 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 7-апрелде жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт.

Алсак, № 7, № 34 жана № 102 автобус каттамдарынын багыты убактылуу өзгөртүлүп, Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүүдө.

Ошондой эле № 133, № 161, № 173, № 200, № 211, № 218 жана № 290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.