Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

09:15, 07 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 8 — апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт:

Ала-Арча суусу- темир жол — Жибек -Жолу пр. — Ж. Гвардия бульвары;

Ж. Гвардия бульвары — темир жол —Фрунзе көчөсү.— Манас проспектиси;

Д. Сяопин проспектиси — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев— Кулиев —Москва —Фучик—Казаков көчөлөрү.

Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.