Көңүл бургула! Бишкекте 5-апрелде Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

12:26, 04 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Абсамат Масалиев көчөсүнөн Жаштар кварталга чейинки (1-этап) жол оңдоо иштерине байланыштуу 5-апрелде Бишкектин Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

№ 175 автобустун каттамы өзгөрөт. Ал убактылуу Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу Ынтымак турак жай комплекси — Калыс Ордо турак жай комплекси багытында өтөт.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Жол тыгынын болтурбоо үчүн шаар мэриясы каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.