11:23
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Таластагы эң бийик чокуга «Бакай-Ата» деген географиялык аталыш ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров " Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик, аты жок чокусуна «Бакай-Ата» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Эми бул эң бийик чоку «Бакай-Ата» деген географиялык атка ээ болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар