11:11, 03 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2008-жылы жеке адамга өтүп кеткен жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
УКМК багыты боюнча пайдаланылбаган жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.
Алсак, 2008-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен Ысык-Көлдүн жанындагы 195 га жер тилкеси жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилгени аныкталган. Бирок, көрсөтүлгөн мезгилде 50 га гана өздөштүрүлүп, максаттуу багыты боюнча пайдаланылган, ал эми калган 145 га такыр пайдаланылбай калган.