08:30, 03 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Борбор калаанын Ленин районунда 3-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Муздак суу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:
Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Институт земледелия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).
Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.