Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 3-6-апрелдеги аба ырайы

13:41, 02 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында аптанын экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

3-4-апрелде күн ачык болот, түнкүсүн 6...8 градус жылуу. Күндүз аба +29 градуска чейин жылыйт.

5-апрелде түнкүсүн бир аз булут каптап, +10 градус жылуу болот. Күн күркүрөп, күндүз +22 градуска чейин ысыйт.

6-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8 градус болот. Күндүз термометр +24 градуска чейин көтөрүлөт.