USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкекте «Каржы жарманкеси- 2025» өтөт

10:02, 02 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Улуттук банк жана өлкөнүн алдыңкы банктары менен биргеликте жаштарды Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында уюштурулуп жаткан «Каржы жарманкеси-2025ке» чакырат.

Иш-чара 8-апрелде Улуттук тарых музейинде өтөт.

Улуттук банктан билдиришкендей, катышуучулар каржы эксперттеринен интерактивдүү лекцияларды алышат.

«Ошондой эле банктар жана каржы уюмдары тарабынан консультациялар, каржы кызматтарынын көргөзмөсү, Kahoot оюну, баалуу сыйлыктар жана акчаны башкаруу боюнча кеңештер берилет», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика