Азия Кубогу — 2026. Футзал боюнча Кыргызстан курамасы БАЭ командасы менен ойнойт

09:00, 02 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Азия Кубогу — 2026. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы БАЭ командасы менен ойнойт

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтүүчү Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүүнүн алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футзал ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюндар 13-15-апрель күндөрү Дубайда Бишкек убактысы боюнча саат 21:20да өтөт.

Белгилей кетсек, улуттук команда бул беттештерге 7-апрелден тарта борбордо даярдык көрө баштайт.