Мэрия троллейбустар Бишкекте кирешелүү эмес деп эсептейт

14:24, 01 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Троллейбустар Бишкекке пайдасыз болгонун Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында борбор калаанын мэриясынын Транспорт жана жол транспорт инфраструктурасы департаментинин директору Улан Бээнбаев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча бир жүргүнчүгө жол кире акысы 28,7 сомду түзгөн. Жол киреге кеткен чыгымдын көбү шаардык бюджеттен дотацияланган. Мындан тышкары, бенефициарлардын беш категориясы бар.

«Эгерде 2023-жылы шаардык бюджеттен 35 миллион сом дотацияга жумшалса, 2024-жылдын сегиз айында эле 220 миллион сом болот», — дейт Улан Бейшенбаев.

Эске салсак, буга чейин депутат Дастан Бекешев троллейбустардын абалын сынга алган.