Кытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

11:40, 01 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

4-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өткөрүү пункттары Кытай тараптын демилгеси менен «Бардык жандар күнү» майрамына байланыштуу убактылуу жабылат.

5-апрелден тарта Эркечтам жана Торугарт аркылуу адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү жанданат.