Көңүл бургула! Ленин районунда 3-апрелде муздак суу өчүрүлөт

11:09, 01 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Борбор калаанын Ленин районунда 3-апрелде саат 10:00дөн 00:00гө чейин муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү Гагарин жана Юго-Западный суу алгычтарындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Өчүрүү аймагы: Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромская, Циалковский, Тимур Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, ошондой эле Агрардык айылдар -Өргө«, «Ак-Ордо» (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), «Теңир-Тоо» (Ахунбаев көчөсүнүн ылдыйы).

Фото

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.