29-мартта күтүлгөн аба ырайы

18:46, 28 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11;

Таласта түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10;

Баткен облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +4...+9;

Нарында түнкүсүн −3...+2, күндүз +5...+10;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0...+2°, күндүз +9...+11° болот.