Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын утту

08:30, 28 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Амманда (Иордания) өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу United World Wrestling сайты билдирди.

76 килограмм салмакта финалда индиялык Ритика менен беттешип, 7:6 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, беттештин бүтөрүнө 15 секунд калганда атаандашы 6:2 эсебинде алдыда келе жатканы менен Айпери Медет кызы кайтарып алып, алдыга озуп чыкты.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев күмүш байгеге ээ болсо, 77 килограммга чейинки салмак ченинде Ырыскелди Максатбек уулу 3-орунга ээ болгон.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 30-мартта жыйынтыкталат.