Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды

15:22, 27 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 212-222-чакырымдар аралыгы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда аталган тилкеде катуу бороон болууда.

Жеринде № 960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барып жатат.

Министрлик алыс жолго сапарга чыккан айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.