Быйыл электрондук соодадан салык чогултуу бир жарым эсеге көбөйдү

09:07, 27 марта 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда электрондук коммерциядан салык чогултуу бир жарым эсеге көбөйдү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин материалдарында камтылган.

Маалым болгондой, бюджетке 13 миллион 700 миң сом түшкөн. Бул 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 4,5 миллионго көп.

Эске салсак, электрондук коммерция тармагындагы салыктын ченеми кирешенин 2 пайызын түзөт. Аны Кыргыз Республикасында катталган соода аянтчалары аркылуу товарларды саткан ишканалар, уюмдар жана жеке ишкерлер төлөшү керек.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча онлайн соодадан 60 миллион сомдон ашык салык түшкөн.