Бишкекте түнкүсүн дагы эле суук. 27-30-мартка караган аба ырайы

13:07, 26 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын экинчи жарымында жаан жаап, түнкүсүн суук болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

27-мартта ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0 градустун тегерегинде болот. Күндүз +12 градуска чейин жылыйт.

28-мартта жаан жаайт. Түнкүсүн дагы эле суук — +1 градуска чейин. Күндүз +8 градус жылуу болот.

29-мартта түнкүсүн жаан жаап, +1 градус болушу мүмкүн. Күндүз ала булут каптап, +14 градуска чейин жылышы күтүлөт.

30-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 градус болот. Күндүз термометр +17 градуска чейин көтөрүлөт.