Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Балбан Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль утту

10:04, 26 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу United World Wrestling сайты билдирди.

Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгач 1/8 финалда тажикстандык атаандашын 8:0 эсебинде утуп алса, кийинки баскычта Түркмөн балбаны Хаким Гурбанмурадовду 10:2 эсебинде уткан. Бирок жарым финалда ирандык атаандашына 4:3 эсебинде жеңилип калган.

Коло үчүн беттеште ал кытайлык Тайбэйден келген Лай Хсин Яону жеңди.

Азия чемпионаты 30-мартта жыйынтыкталат.