Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

10:07, 25 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Улан Жолдубаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиев кол койду.

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп ички кызматтын майору Улан Жолдубаев дайындалган. Эми ал " м.а." префикси жок кызматына бекитилди.

Улан Жолдубаев 1987-жылы 25-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалистика факультетин аяктаган.

Акыркы кызматка дайындалганга чейин ЖАКтын Башкы оперативдүү-режимдик башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалаган.