09:20, 25 марта 2025, Бишкек - 24.kg
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы жылуулукка карызы бар абоненттердин үйлөрүн жана батирлерин кыдырып, рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Адистер жашоочуларга төлөмдөрдү төлөө тартиби, карыздын мүмкүн болгон кесепеттери жана өз убагында төлөм жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүүдө.
«Карызы бар жарандарга карата колдонулуучу чараларды түшүндүрүүгө, ошондой эле карызды төлөөнүн варианттары жөнүндө маалыматтарды берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат»-деп айтылат маалыматта.