12:18, 24 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуу өзбек акыны Алишер Навоинин эстелигин ушул эле аталыштагы сейил багында калыбына келтирип, башка жерге көчүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Шаар башчысы Курманжан Датки көчөсүндөгү 244 жана 246-үйлөрдүн жашоочулары менен жолугуп, каналды тоскон үйлөрдүн жанына мыйзамсыз курулуштарды жылдыруу өтүнүчүн укту.
Ал ошондой эле Алишер Навои атындагы сейил багында болуп, акындын эстелигин көчүрүү жана реконструкциялоо милдетин койду.