Бишкектеги бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

11:27, 24 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен биллиришти.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген имараттарды жана курулмаларды аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаары, Коммунаров көчөсү 93 дарегинде жайгашкан аянты 0,8 гактар № 159 балдар бакчасынын имаратын жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталды.

Алсак, 1993-жылы Мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде «Уста» ААКтын балансында турган бала бакча жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги такталган.

Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мүлктүн ээси Ю.Ш.А., мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу түрдө № 159 бала бакчанын имаратын, жер тилкеси менен кошо мамлекетке өткөрүп берген.

УКМК басма сөз кызматы
Бүгүнкү күндө бул объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.