Бишкекке кондиционери бар 120 электр автобус келет

09:49, 20 марта 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын жай айынын ортосуна чейин Бишкекке кондиционери бар 120 электробус келет. Бул тууралуу шаардык кеңештин архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл дагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу газ менен жүрүүчү дагы 95 автобус келүүсү күтүлүүдө.

Учурда № 1 жана № 2 автобазада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп, анын жүрүшүндө электробустарды кубаттоочу жайлардын инфраструктурасы курулууда.