Эркеайым Сейтказиева Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды

18:02, 19 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Сейтказиева Эркеайым Алымовна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.