15:42, 18 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Жогорку Сот акын Аскат Жетигенге карата райондук жана шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 24.kg агентигине Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 17-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет акын Аскат Жетигенди бийликти сындаганы үчүн кармап, «Бийликти күч менен басып алууга чакырык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал Нарындан Бишкекке алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аскат Жетиген 9-апрелде Акыйкатчыга жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылып, 20-мартта, кайра камалган күнү кыйноого кабылганын билдирген. Акын бир саатка жакын электр жарыгы менен кыйноого алынганын билдирди.
Кийинчерээк түшүндүрмө катында ал кыйноолорго кабылбаганын, учурда ден соолугуна жана коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин жазган. «Менин камералаштарыма жана ЖАК кызматкерлерине эч кандай дооматым жок. Мен түшүнүк катты өз колум менен туура жаздым», — деп айтылат катта.