Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

08:30, 18 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым аймактарында 18-мартта саат 10:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт:

Чыңгыз Айтматов проспектиси, № 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6 үйлөр;

Токтоналиев көчөсү № 139/3, 157, 153, 153/3, 155 үйлөр;

Океева көчөсү, No 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8 үйлөр.

Мындан тышкары Түштүк БЧК — Куйручук көчөсү — Чыгыш БЧК — Молдокулов көчөсү менен чектелген тилкеде суу болбойт.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Өчүрүү Аэропорттогу суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.