12:07, 14 марта 2025, Бишкек - 24.kg
11-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.
Парламент тарабынан 2025-жылдын 6-февралында кабыл алынган документте кызматтык унааларды берүү жана пайдалануу тартиби такталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт. Кызматтык транспорт каражаттарын пайдалануунун тартиби Жогорку Кеңештин регламенти менен аныкталат.
Эми эл өкүлдөрүнө да өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу жеке транспорт каражаттарын колдонууга расмий уруксат берилди.
Документ «Эркин Тоо» гезитине жарыяланып, бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, депутаттар 2024-жылдын күзүндө кызматтык унааларды кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу жана шайлоочулар менен баарлашуу зарылдыгын айтышкан.
Бирок ошол кезде президент Садыр Жапаров бул демилгени колдобой, мыйзамды ишке ашыруу үчүн унаа сатып алуу жана айдоочулардын санын көбөйтүү үчүн кошумча чыгымдар талап кылынарын белгилеген.