Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат

11:47, 14 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлиги 2024—2025-окуу жылынын үчүнчү чейреги 14-мартта аяктап, жазгы каникул 17-23-мартка чейин созуларын билдирди.

Төртүнчү чейрек 24-мартта башталат.

Белгилей кетсек, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына ылайык аныкталган.