11:36, 14 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Аксу уездинин губернатору Адили Али баштаган делегация менен жолугушту.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын аймактары Аксуу району менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун Аксуу уездинин губернатору Адили Али Кытай тарап Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл «Бедел» өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, бул чек ара пунктунун транспорттук-логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө бурулду.
Жыйындын жүрүшүндө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Аксуу уездинин губернатору Адили Али Аксуу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.
Маалымат үчүн: Бедел ашуусундагы бийиктиги 4284 метр.