15:23, 13 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Учурда чет өлкөлөрдө 600 миңдей кыргызстандык бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
«Анын ичинен эң көбү Россиянын аймагында. РФ Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча миграциялык каттоодо 379 миң 949 адам, Казакстанда болжолдуу маалыматтар боюнча 70 миң жана Түркияда 32 миң адам турган», — деди министрдин орун басары.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө АКШда 40 миңге жакын, Түштүк Кореяда 17 миңден ашуун, Германияда 15 миңге жакын, БАЭде 10 миңден ашуун мекендештерибиз бар.