14:07, 12 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкекте аптанын экинчи жарымында күн жылуу болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
13-мартта күн ачык болот. Түнкүсүн термометр −1 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +17 градуска чейин жылыйт.
14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +1 градус жылуу болсо, күндүз +20 градуска чейин жылыйт.
15-16-мартта бир аз булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +2 градус болот. Күндүз +21 градус жылуу болушу күтүлөт.