10:17, 12 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды
Тиешелүү тескемеге президент кол койду.
Маалым болгондой, "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Мадяров Тимур Мысырович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды"