11:08
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Пакистандык жоочулар 450 поезд жүргүнчүсүн барымтага алышкан

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында куралчан согушкерлер поездге кол салышкан. Бул тууралуу «Khaama Press» агенттиги жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, алыскы Сиби аймагында болгон. Кол салуу жана темир жолдогу жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Белужистанды боштондукка чыгаруу армиясы» (BLA) экстремисттик тобу өзүнө алды.

Кветтадагы жогорку даражалуу темир жол кызматкери Мухаммад Кашиф жүргүнчүлөр барымтада калганын билдирди.

Бул топ Пакистан бийлиги кийлигишсе, барымтадагылардын баарын өлтүрөбүз деп коркутууда.

Поезд тоолор менен курчалган, жетүүгө кыйын тоннелге тыгылып калган. Khaama Press маалымдагандай, аймактагы ооруканаларга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени менен полиция барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктай элек.

Маалымдама24.kg

Белужистан боштондук армиясы (BLA) — Пакистандан Белужистан аймагына автономия берүүнү талап кылган сепаратисттик топ. Бул аймакта жашаган этникалык балучтардан турат. Белужистан боштондук армиясынын максаты — тарыхый жана маданий айырмачылыктардан улам Пакистандан бөлүнүү. Бул топ аскерий объектилерге, өкмөттүк имараттарга, мунай жана газ объектилерине тез-тез кол салышат.

Эң көп окулган жаңылыктар