13:16, 05 марта 2025, Бишкек - 24.kg
Ишембиде Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
6-мартта күн ачык болот. Түнкүсүн термометр −4 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз жылуу болот — аба +15 градуска чейин жылыйт.
7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн −1 градус суук, күндүз +18 градуска чейин жылыйт.
8-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −1 градус болот. Күндүз +10 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
9-мартта ала булут каптап турат. Түнкүсүн −2 градус суук, күндүз термометр +11 градуска чейин көтөрүлөт.