Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды

10:34, 05 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Чакибаев Эмил Акжолтоевич 1982-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында туулган. 1988-1998-жылдары Көк-Жар орто мектебинде окуган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин жана Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Фото