01:56
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Караколдо сноуборд тээп бараткан чет элдик жаран, досу менен кагышып каза болду

Каракол лыжа базасында казакстандык турист каза болду. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бир күн мурун, 27-февралда лыжа тээп жүргөн жерде болгон.

Кырсык тууралуу милицияга кабарланган. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу келип, Казакстандын 43 жаштагы жараны сноуборд тээп жүрүп, досу менен кагылышканын аныкташкан. Эркек алган жараатынан окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факт Ак-Суу РИИБнин Маалыматтык каттоо журналына катталган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар