Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сейд Атамбаев No19 колонияда соттолгондор тамак-аш, тамекилерин алып жаткандарын айтып, кат жазышканын билдирди.
Парламентарий белгилегендей, мыйзамга ылайык, соттолгондор министрлер кабинети тарабынан аныкталган нормаларга ылайык ден соолугун жана күч-кубатын сактоого жетиштүү тамак-аш менен камсыздалат. Аларга тамак-аш жана эң керектүү товарларды накталай акчасыз сатып алуу укугу берилет.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева эл өкүлүнө бул каттарды берүүнү суранып, Башкы прокурор арыздар боюнча текшерүү жүргүзөөрүн убадалады.

