11:56
USD 86.69
EUR 94.00
RUB 1.03

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

2024-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасына Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын жетектеп, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда конокту жана аны коштогон делегацияны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов тосуп алды.

Cапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу пландаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар