16:33
USD 87.45
EUR 103.74
RUB 1.13

Январь айында Кыргызстанда 46 миллиард сомдон ашык продукция өндүрүлгөн

Январь айында Кыргызстанда 46 миллиард сомдон ашык продукция өндүрүлгөн. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын биринчи айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 46,6 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга көп.

Биринчи орунда Чүй облусу турат. Көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде облуста 17,4 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн.

Экинчи орунда 10,9 миллиард сомдук өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү менен Бишкек турат.

Алдыңкы үчтүктү Ысык-Көл облусу жыйынтыктады. 7,7 миллиард сомдук продукция чыгарды.

Адатта алдыңкылардын катарына кирбеген Баткен облусунда өнөр жайдын эң жогорку өсүш темпи январь айында катталган – жылдык мааниде алганда 48 пайыз.

Өнөр жай өндүрүшүнүн эң аз көлөмү Нарын облусунда – 625 млн сомду түздү.

Ал эми Ош облусу боюнча 842 миллион сом, Баткендики 744 миллион сом, Ош облусу 1,4 миллиард сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар