13:24, 21 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
Президенттин администрациясынын коллегиясында өкмөт мүчөлөрүнө мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери, анын ичинде айып салуу жана үстөк акы алууда чектөөлөр каралып жатканы эскертилди.
Мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов өз баяндамасында бир катар мамлекеттик органдарда аткаруучулук тартиптин жетишсиз жогорку деңгээлин белгиледи.
Ал билдиргендей, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 53 мамлекеттик органдын жетекчилери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.