12:33, 20 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
Режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» тасмасы Везуль шаарында (Франция) өткөн Эл аралык Азия кинофестивалында үч сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайтында маалымдалды.
Ал калыстар тобунун эл аралык сыйлыгын, Марк Хаас жана Musée Guimet сыйлыгын жеңип алган.
Орто Азиянын тоолорунда жашыруун жолдорду ачкан Аза менен Самат аттуу эки баңгизат сатуучулар кулчулуктан качып бараткан Назик аттуу жаш кызга туш болушат. Кийин Назик кайрадан жергиликтүү кылмышкердин колуна түшүп калганда, Аза аны эмне гана болбосун куткарууну чечет.
Тасманын негизги бөлүмдөрү Нарын, Балыкчы жана Токтогул шаарларында тартылган.