Бишкек мэриясынын шаардык чарба департаментине жаңы директор келди

11:28, 20 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Аида Жапарбай кызы Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Аида Жапарбай кызы

Белгиленгендей, дайындоо мэриянын кадрдык резервинен болгон. Буга чейин бул кызматты Эмил Жамалов аркалап келген.