Бишкекте күн ачык жана жылуу болот. 20-23-февралга карата аба ырайы

13:09, 19 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын экинчи жарымында күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

20-февралда түнкүсүн термометр −3 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз күн ачык болуп, аба +10 градуска чейин жылыйт.

21-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн −3 градуска чейин суук болсо, күндүз +13 градуска чейин жылыйт.

22-февралда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −1 градуска, күндүз +14 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.

23-февралда да күн ачык болот. Түнкүсүн 0 градустун тегерегинде болсо, күндүз термометр +17 градуска чейин көтөрүлөт.